1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

69

1

ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨГӨ ӨБӨЛГӨ БОЛГОН ПРАКТИКА

 Бул жолку уюштурулган П-1-21, Пк-2-21 жана МЧББ-1-21 тайпаларынын «Адаптациялык-педагогикалык» практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы практикадан жаныдан кайтышкан студенттердин өз билдирүүлөрү менен башталды. Алар конференциянын жүрүшүндө улам жаңы багыттарды, практика мезгилинде болгон жаны барактарды ачып жатышты. Практика боюнча адис Н. Жолошалиеванын суроолоруна  жогорку ынтызарлык менен, ишенимдүү жооп берип барышты. Н. Жолдошалиева бул жолку конференция мурдагы конференциялардан бир топ айырмалангандыгын, айрыкча студенттердин такшалганын, жетекчилик тарабынан коюлган талаптардын бири катары – өндүруштүк изилдөөлөрдүн натыйжасы жогору экендигин, анын далили катары практика мезгилинде илимий изилдөө жүргүзүүнү ишке ашырган П-1-21 тайпасынын студенти Н.Тайлакованын “Башталгыч класстын окуучуларынын кебин өстүрүү маселелери”  аталышындагы илимий баяндамасынын ОшМУда өткөн XI студенттердин илимий конференциясында 2-даражадагы Дипломго ээ болушу. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде болгон практиканттардын ата-энелер жана педжамаат менен билим берүү жана тарбия маселесинде жумуштарды кызуу алып барышы, мектептерде айрыкча математика сабактарын кызыктыруу менен жогорку деңгээлде уюштура алышы, сабактардын тематикасына жараша көрсөтмө куралдарды  даярдоосу алкышка татырлык деп айтууга болот. Ошентсе да усулчулар тарабынан студент-практиканттардын мектеп шартына көнүүсү, мектепте жана сабак учурунда адабий тилде так сүйлөөсү көңүл бура турган маселе экендиги айтылды. Андыктан атайын курстарга катышуу, өз билимин ар тараптуу өнүктүрүүгө аракет кылуу максатында иштөө да сунушталды. ППОТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Г.Э. Маатазимова студенттердин практикасын жогору баалап, аларга мындан аркы окууларына ийгилик каалады. Практиканттар менен тыгыз иштешкен, методист-педагогдор: п.и.к, доцент К.М.Ураимов, п.и.к., доцент  Ж.К.Тажибаева, улук окутуучулар С.Ч.Осмоналиева, А.Э.Торобекова, Г.К.Темирбаева, Н.Ш.Мокуевалар өзүлөрү байкаган жетишкендиктерди жана кемчиликтерди белгилешип, баалоо процессине токтоло кетишти. Конференция өз максатына жетти жана жандуу өттү. Конференцияны ППОТ кафедрасынын улук окутуучусу А.К. Шишкараева  уюштуруп, алып барды.