1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

74

2

ПЕДАГОГДУН ИЛИМ ЖОЛУНДА

“Атын алыстан ук, жанына келсен бир киши” дегендей жаныбызда жүргөн  окумуштуулардын башкалар үчүн барктуу экендигин сезбегендейбиз. ЖАМУнун педагогикалык багытында эмгектенип, КМШ мамлекеттерине чейин төбөсү көрүнгөн профессорлорубуздун  бар экендигин анча этибарга албай келе жаткандайбыз. Бирок алар жасаган эмгектер ЖАМУнун илимий потенциалын көтөрүүгө эле эмес, кыргыз педагогикасында да өзүнчө абройго ээ экендигин да биле  жүрсөк деген максатта, кала берсе кийинки өсүп келе жаткан жаш окумуштууларга, магистрлерге, студенттерге, окуучуларга мындай окмуштууларыбыздын эмгектери жасаган илимий иштери менен жакындан тааныштырууну туура деп таптык. Жогоруда белгиленген максатка ылайык “Тажрыйба: Илимдеги жетишкендиктер” деген аталышта профессорлор Т.Э.Уметов жана С.С. Сакиевалар менен илимий жолугушуу ЖАМУнун чоң жыйындар залында болуп өттү.  Жолугушуунун жүрүшүндө кызыктуу видео-слайддар көрсөтүлүп, блиц-интервьюлар болду.

Т.Э.Уметовдун практикалык оюн мастер-класстары келген катышуучулардын кызыгуусун жаратса, профессор С.С. Сакиеванын  жандуу  үн менен обон созгону көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкышына татыды. Жолугушуу жандуу жана абдан кызыктуу уюшутурулуп, ага ППОТ кафедрасынын жамааты, магистрлер, студенттери, ЖАПКнын педжамааты жана студенттери активдүү катышышты. Иш-чара Э. Уметов атындагы педагогикалык факульетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы, Пмаг-1-23 тайпасы менен Жалал-Абад педагогикалык колледжи тарабынан уюшутурулуп, аны ППОТ кафедрасынын доценти К.М. Ураимов жана ЖАПКнын улук окутуучусу М. Мамбетовалар алып  барышты. Жолугушуунун акырында фотосессиялар болуп, эстелик үчүн сүрөттөргө түшүштү. Улуулардын эмгегин баалай билели. Устаттар аман болушсун!