1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

106

1

ПРОФЕССОР РЫСБАЕВ СУЛАЙМАН КАЗЫБАЕВИЧ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ   

2024-жылдын 25-ноябрында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы жана педагогикалык колледж тарабынан уюштурулган илим айлыгын өткөрүүнү утурлай  Улуттук Алиппенин автору, Кыргыз Эл жазуучусу, белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рысбаев Сулайман Казыбаевич менен  жаш окумуштуулар, магистранттар, студенттер ортосунда жолугушуу кечеси болуп өттү. Жолугушууда профессор Рысбаев Сулайман Казыбаевич  “Окутууну баалоо деңгээлдери” аталышындагы көрсөтмөлүү илимий баяндамасын слайд түрүндө көрсөтүп берди. Жолугушууга келишкен магистранттар, студенттер, окутуучулар баяндама жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын, алган билимдеринин практикалык мааниси жогору экендигин белгилешти жана өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.

Андан соң илим бөлүмүнүн башчысы, э.и.к., доцент А. Жороева, ППОТ кафедрасынын башчысы, .п.и.к., доцент Г.Э Маатазимова, ЖАПКнын директору, А. Маматумаров, шакирти, п.и.к., доцент К.М. Ураимовдор өз каалоолорун билдирип, мындан аркы жумуштарына ийгиликтерди каалап кетишти. Окумуштуу өзүнүн чыгарган жаңы басылмадагы китептерин окутуучуларга, окуу жайга  жана студенттерге белек катары тапшырды.