1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

56

1

Эртеңки мыкты адис- окуу жайдын күзгүсү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын П-1-22 тайпалары 2024-2025-окуу жылынын 2-сентябрынан 22-сентябрына чейин “Баланын мектептеги алгачкы күндөрү” аталышындагы практиканы ийгиликтүү жүргүзө алышты. Практиканы студенттер Жалал-Шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин башталгыч класстарынын 1-классында иш алып барышты. Кафедра тарабынан бекитилген методисттер ар бир практиканттын ийгиликтүү иштеши үчүн өз убагында көмөктөшүштү.

Бул практканын дагы бир өзгөчөлүгү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун жаңы ачылган инновациялык мектебинде эки студентибиз практикада өз илимий изилдөө иштерин жүргүзө алышты.

Студент-практиканттар учурда билим берүү тармагындагы башталгыч билим берүү билим берүү уюмундагы өзгөрүүлөр жана жаңылануулар менен терең таанышып, 12 жылдык билим берүүдөгү өзгөчөлүктөрдү, окуу китептери жана 1-класска келген баланын псхологиялык жактан адаптацияланышын көбүрөөк изилдөөгө кызыгышты. Ошондой эле башталгыч класстын алдыңкы мугалимдеринин иш тажрыйбалары менен таанышты.

Практикада жүргүзгөн илимий изилдөөлөрү жана билим берүүдөгү ой толгоолору менен студент-практиканттар А.Азимжанова, А.Исанеова, А.Сиябекова, С.Сайипажанова, А.Акимова, Э.Мухтаралиева, Э.Курбановалар өз ойлорун билдиришти. 

Методисттер проф. С.С.Сакиева, п.и.к. Г.Э.Маатазимова, п.и.к. Г.У.Рыскулова, п.и.к. Ж.К.Тажибаева, улук окутуучулар А.Э.Торобекова, С.Ч.Осмоналиева, А.К.Шишкараева, Г.К.Темирбаевалар жыйынтыктоочу конференцияга катышып, практиканын жүрүшү ийгиликтүү иш-аракеттер менен жыйынтыкталгандыгын белгилешти.