- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
Билим берүүдөгү өзгөрүүлөргө карай келечектеги адистердин даярдыгы...
Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын Пс-1-21, Пс-2-21, Пс-3-21, МЧББс-1-21 тайпалары 2024-2025-окуу жылынын 7-октябрынан 19-октябрына чейин “Адаптациялык-педагогикалык” практиканы ийгиликтүү жүргүзө алышты. Практиканын жүрүшүндө студенттер кафедранын усулчулары тарабынан талкууланып, бекитилген жол картанын негизинде иш алып барышты. Сырттан окуу бөлүмүнүн студенттерине практикада иш алып баруу үчүн бул карта чоң жардам көрсөтө алат.
Студент-практиканттар учурда билим берүү тармагындагы башталгыч билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмундагы өзгөрүүлөр жана жаңылануулар менен терең таанышып, 12 жылдык билим берүүдөгү өзгөчөлүктөргө көбүрөөк токтолушту. Андагы окуу программалары, билим берүү стандарттары, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты. Ар бир студент –практикант практикада жүргүзгөн ишмердүүлүн баяндап, тажрыйба алмашууга аракетеништи.
Методисттер п.и.к. М.Ж.Найманбаев, п.и.к. Г.У.Рыскулова, п.и.к. К.М.Ураимов, улук окутуучулар С.Ч.Осмоналиева, А.К.Шишкараева, Г.К.Темирбаева, окутуучу Н.М.Мокуева, Раимкул к Айжамалдар жыйынтыктоочу конференцияга катышып, практиканын жүрүшү ийгиликтүү иш-аракеттер менен жыйынтыкталгандыгын белгилешти.