1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

52

1

Инновациялык иш- аракеттер чыгармачылыктын туу чокусу

 Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасында 2024-2025-окуу жылы үчүн бекитилген ачык сабактардын графиги боюнча октябрь айынан баштап кафедранын мүчөлөрү тарабынан ачык сабактар өтүлө баштады. Кафедранын улук окутуучусу А.К.Шишкараева филология факультетинин РЯЛ-1-23 тайпасы менен “Тарбиялоонун принциптери” темасында ачык сабакты ийгиликтүү уюштура алды. Сабактын темасы учурда тарбиялоо жаатында орду бар маселердин бири болуп эсептелет. Студенттер мектеп практикасында тарбиялоонун принциптерин кантип колдонуу керектигин талкуулашып, принциптерге таянуу менен тарбиялоо ишин жүргүзүүнун жолдорун үйрөнүштү. Студенттердин аргументтүү пикирлерине жана талданган көз караштарына таянсак,  келечектеги өз адистигин мыкты өздөштүрүп жаткандыгы байкалат.

Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынан ачык сабакка п.и.к. К.М.Ураимов, кафедранын методикалык кеңешмесинин төрагасы С.Ч.Осмоналиева, улук окутуучу Г.К.Темирбаева, окутуучу Н.М.Мокуевалар катышып, өз пикирлерин билдиришти.

Кафедрада ачык сабактардын жүрүшү уланмакчы..