1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

81

Карысы бардын – ырысы бар

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери 2024-жылдын 4-октябрь күнү улгайган адамдар күнүнө карата  “Карысы бардын – ырысы бар” аталышындагы тарбиялык-маданий иш чара өткөрүштү. Иш чараны Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин деканы Г.С.Токоева, факультеттин жаштар комитети жана профессордук-окутуучулук курамы уюштуруп көп жылдан берип эмгектенип жаткан эмгек ардагерлерин куттукташты. Студенттер тарабынан даярдалган маданий иш чара тартууланды жана атайын сый тамак уюштурулду.

Урматтуу Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ардагер агай-эжекелери! Сиздерге чың ден соолук, бактылуу өмүр, жаштарды тарбиялоодо талыкпаган чыгармачылык каалайбыз!