1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

178

МОБИЛДҮҮЛҮК УЛАНУУДА...

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти Кубанычбек Ураимов Эл аралык Азия университетинде конок лекцияда болду. Ал университеттин 9-ПНК-23-1 жана 9-ПНК-22-1 тайпаларында Эне тили жана эне тилин окутуунун методикасы дисциплинасынан “Тыбышты изилдөөнүн аспектилери” деген темада лекция окуп келди. Лекция абдан кызуу талкуу менен өттү. Анда лектордун берген маалыматынан улам, студенттердин кызыгуулары байкалып, лекциянын аягында талкуулар болду. Анда алар башталгыч класстарда фонетикалык материалдарды окутунун инновациялык ыкмаларына кызыгууларын жашыра алышкан жок. Студенттер тарабынан берилген суроолор алфавит, тамга, тыбыштык окуу жана сөз өстүрүү, ошондой эле тыбыштын жасалышындагы акустикалык, анатомия-физиологиялык жана лингвистикалык аспектилердин өз алдынча функциялары боюнча болду. Мобилдүүлүк уланууда.