- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
АЛА-БУКА КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖИ:ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨРҮ
2024-жылдын 7-8-июнунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинин 25 жылдыгына, колледждин негиздөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын билимине эмгек синирген ишмер С.А.Рысбаеванын 70 жылдыгына арналган “Фергана өрөөнүндөгү көп кырдуулук: маданият, тил жана тарыхый мурастар” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияга Кыргызстандын, Казахстандын, Өзбекстандын белгилүү окумуштуулары катышты, т.а. ф.и.д.,профессор С.О.Байгазиев (КББА), п.и.д., профессор С.К.Рысбаев (КББА), т.и.д., профессор Тынчтыкбек Чоротегин (КУУ), т.и.д., профессор А.Акунов (КТУ), т.и.к., профессор М.Кожобеков (КТМУ), п.и.д., профессор С.С.Сакиева (ЖАМУ), п.и.д., профессор Б.К.Укуева (ОшМУ), э.и.д., профессор Ч.Р.Кулуева (ОшМУ), б.и.д., профессор Т.Т.Жумабаева (ОшМУ) ж.б. лар. Конференцияны университеттин ректору, э.и.д., профессор А.А.Мамасыдыков ачып, окумуштуу, кесиптик колледждин негиздөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент С.А.Рысбаеванын педагогикалык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, окумуштуунун көп жылдык эмгегине токтолуп, жалпы маалымат берилди. Пленардык жыйында п.и.д., профессор С.К. Рысбаев (КББА) билим берүү системасында коммуникативдик методду колдонуунун тажрыйбаларына, т.и.д., профессор А.Акунов (КТУ) кыргыз тилин өнүктүрүүнүн улуттук символдоруна, ю.и.д., профессор А.Кокоева региондордо укуктук маданияттын өнүктүрүүнү (КӨЭАУ), казак окумуштуусу, тарых жана саясий илимдердин доктору, профессор Ж.Н.Бисенбаева Борбордук Азия мамлекеттериндеги тил саясаты жөнүндө баяндамалар , кызыктуу талкуулар болду.
Конференцияга 130 дан ашык доклад келип түшкөн, алар төрт секциялык ишке бөлүнүп, алардын мазмуну талкууланды. Биринчи секция “Санариптештирүү шартында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн проблемаларына”, экинчи секциялык иш “Глобализациялоо шартында кадрларды даярдоонун актуалдуу проблемалары”, үчүнчү секция “Фергана өрөөнүндөгү улуттардын маданияты жана тарыхый баалуулуктары”, төртүнчү секция “Тоолуу региондогу юридикалык жана социалдык-экономикалык проблемалар”деп аталып, келип түшкөн докладдар ар бир секцияда талкууланып, мыкты баяндамалар университеттин жыйнагына сунушталды. Катышуучуларга сертификаттар берилди. Аягында конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Конференциянын жүрүшү максатына жетти.