1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

176

1

КМШнын мыкты изилдөөчүсү-2024

Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын улуу окутуучусу Темирбаева Гулзад Козоновна 2024-жылдын 10-март күнү Астана шаарында өтүлгөн Эл аралык “Мыкты изилдөөчү” коңкурсуна катышып КМШнын мыкты изилдөөчүсү – 2024 наамына ээ болду. Темирбаева Гулзад Козоновна Илимпоздордун эн мыкты олуттуу жана инновациялык долбоорлорун аныктоо, илимий кызыкчылыктарды жайылтуу, илимди өнүктүрүү үчүн бириктирүү аянтчаны түзүү менен КМШ аймагында илимдин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон мыкты окумуштуулардын катарына кошулду. Комиссиянын чечими менен  «BEST PESERCHER SIG-2024 көз карандысыз  мамлекеттер шериктештигинин өлкөлөрү» деген китеп жыйнагынын 1-санында макаласы жарыкка чыккан . Астана шаарынын  жыйынтыктоочу конференциясында жетишкендиги үчүн юбилейлик медаль, медалдык сертификат 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

Бул ийгилиги үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович куттуктап, мындан дагы чоң жетишкендиктерге жетүүсүн жана иштерине ийгиликтерди каалап өттү.