1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

181

1

КЕСИП ТАНДООГО УЮШТУРУЛГАН ЖОЛУГУШУУЛАР

Май айы аяктап, бүтүрүүчүлөр кесип тандоого аракеттене башташты. Кесип тандоо - бул бүтүрүүчүнүн негизги проблемасы. Кайсыл кесипти тандоо, ага тапшыруу, бул жаш бүтүрүүчүнүн чон проблемасы. Жалан гана бүтүрүүчү гана ойлонбостон, бүтүндөй мамлекет, ата-эне, мектеп мугалимдери, ЖОЖдун окутуучулары да бул проблеманын чечилишине өз максаттарын аткарууга киришет. Кесипти туура тандоо жооптуу жана актуалдуу. Азыркы жаш муун кайсыл кесипти тандайт деген ой максат  менен биз Базар-Коргон районунун №6 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясына, №22 Тагай уулу Камал атындагы мектеп-гимназиясына, №7 М.Мамбеталиев атындагы мектеп-гимназиясына барып,  бүтүрүүчүлөр менен жоолугушуу иш-чарасын уюштурдук. Жолугушууга Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, п.и.д.С.С.Сакиева, улук окутуучулар А.А.Акматов, А.Э.Торобекова, С.Ч.Осмоналиева катышты.

Алгачкы биздин жол картабыз Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында болуп, бүтүрүүчүлөргө Жалал-Абад мамлекеттик университети жөнүндөгү маалыматыбызды баяндадык. Университет педагогикалык, медициналык, техникалык, айыл чарба багытындагы адистерди даярдагандыгын  баяндадык. Университет адистерди күндүзгү, сырткы бөлүм боюнча даярдап келе жаткандыгы да айтылды. Университеттин колледждери жөнүндө да маалымат берилди. Университетке кабыл алуунун шарттары, окуу акысы боюнча да кенен маалымат бере алдык. Окуучулардын суроолоруна жооп бердик.

Кийинки жол картабыз белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов билим алган Камал уулу Тагай атындагы, М.Мамбеталиев атындагы мектеп-гимназияларында болду. Окуучулар менен жоолугушуп, алар менен жылуу маектештик, суроолоруна жооп берип, университет жөнүндөгү маалыматты сайттан караса боло тургандыгы да эскертилди.

Жогорудагы мектептердеги бүтүрүүчүлөр жөнүндөгү маалыматтар абдан кызыктуу экендигин байкай алдык. Бул жумуштардын маалыматы жаштарга тарбиялык  жагынан көп маалыматтарды берип, өз мектебинин тарыхы жөнүндө билүүсү дагы маанилүү экендигин айта алабыз. Б.Осмонов мектеп-гиназиясынан өзүнүн бүткүл өмүрүн агартуу тармагына арнаган биздин улуу устаттарыбыз Чоюн Осмоналиев, Андалбек Машрапов жөнүндөгү кабинеттер,  методикалык кабинеттерге аябай көнүл бурдук. Биздин ушул даражага жеткенибизге ушул улуу адамдардын өзүнчө кошкон салымы бар. Ал эми ушул мектепти ЖАМУнун физика адистигинин бүтүрүүчүсү Жоробаев  Рустам Акматкулович жетектейт. Мектептин жасалгасы, жамааттын педагогикалык маданияты, окуучулардын саламдашуу маданиятына баа бердик.

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов окуган мектепте бүтүрүүчүлөрдүн маалыматы да абдан кызыктуу экендигине ынандык. Көзү өткөн мугалимдерге кабинет ачылып, алар жөнүндөгү маалыматтар илинген. Мисалы, адеп кабинети аалымдын апасы Жалилова Гүлжамалга түзүлгөн.

М.Мамбеталиев атындагы мектеп-гимназиясы жөнүндө айтуу, маалымат берүү биз  үчүн сыймык. Мектепти ысмы биздин  устатыбыз  М.Мамбеталиевдин атында. Мектеп директору Элмира Арапбаева. Мектепте Мухтар Мамбеталиев жөнүндө өзүнчө музей уюштурулган.  Мыкты бүтүрүүчүлөрдүн бурчу уюштурулган. Анда Жогорку Кенештин депутаты Таалайбек Масабиров, Россиянын табигый илимдер академиясынын академиктери Кадырбек Сакиев, Сайипжамал Сакиева, техника илимдеринин кандидаты Бакирдин Сарткозуев ж.б.лар жөнүндө маалыматтар бар. Биздин окуучулар менен жолугушууга арналган иш-чарабыз максатына жетти. Ушул иш-чараны уюштурууга жардам берген райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Сыргак Тажибаевич Жалиловго терен ыраазычылыгыбызды билдиребиз.