- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
ЖАМУ-интеллектуалдык келечекке даңгыр жол!
Мына ушундай ураан менен учурда окуу жайыбызды даңазалоо, түрдүү адистиктерге кызыккан жаштарды билим сересине тартуу, алардын келечекке карай туура кадам ташташына жол көрсөтүү максатында жер-жерлерде үгүттөө иштери кызуу жүрүүдө. Биздин бул жолку сапарыбыз Базар-Коргон районундагы №38 А. Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине болду. Проферентация мезгилинде бүтүрүүчү класстар менен кызуу талкуулар, суроо-жооптор болду, ошондой эле ал жерде ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү менен да маектешүүгө жетиштик. Аларга Б. Осмонов атындаы ЖАМУда болуп жаткан акыркы жетишкендиктерди баяндаган слайддарды көрсөтүп, педагогика багытында магистрдик курстун күндүзгү бөлүмү иштеп жаткандыгын ал эми сырттан окуу бөлүмү да жаныдан иштей баштагандыгын баса белгилеп, айрымдарынын бул багытта кызыгуусу бар экендигин байкадык. Ошол эле учурда ата-энелердин да балдарынын эртенки кесип тандоодогу келечеги жөнүндө кызыгуусу жогору экендигин байкадык жана биздин окуу жайга тапшыра тургандыктарын билдиришти.
Барган конокторду тосуп алышкан мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер ар бири эртеңки келечек жөнүндө өз ойлорун ортого ташташты. Профессордук-окутуучулук курам да өзүлөрү менен кошо ала барган ЖАМУ жөнүндөгү жарнама баракчаларды, газеталарды таркатышты. Аталган мектепте болгон доцент К.М. Ураимов, ал жердеги 9-11-бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен жолугушуп, анда алардын кесип тандоосу боюнча кызуу талкуу болду. Мектепте иштеп жатышкан жаш педагогдордун өз билимидерин өркүндөтүү максатында окуу жайыбызда ачылган магистратурага кызыгуусу жогору экендигин байкап, ошого карата үгүт иштерин жүргүзүлдү. ЖАМУнун эртеңки келечеги жарык, сапары байсалдуу экендигине ар дайым терең ишеним менен жашап келебиз!