- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
"МУРАТОВДУК ОКУУЛАР-2": УЛУТТУК НАРКТЫ САКТООДО ТИЛ МЕНЕН АДАБИЯТТЫН РОЛУ
Кыргыз адабиятын окутуунун методикасында педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Жаркынбаевич Муратовдун өзүнчө орду бар. Белгилүү окумуштуунун педагогикалык чыгармачылыгына арналган “Улуттук наркты сактоодо тил, адабият жана элдик педагогиканын ролу, Муратовдук окуулар -2” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция 2024-жылдын 16-майында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөрүлдү. Конференцияга белгилүү окумуштуулар КТМУнун профессору, ф.и.д. Б.Сагынбаева, ЖАМУнун профессору, п.и.д., С.С.Сакиева, ОшТУнун профессору, п.и.д.,профессор А.Т.Саттарова, п.и.д., профессор К.К.Акматов, Адабий окуу китебинин автору, доцент Б.А.Абдухамидова, ОшМУнун профессору, п.и.д. М.Колдошов, ОшМУнун доценти Т.А.Жороев, Өзбек Республикаынын Андижан мамлекеттик университетинин доценти Н.Алисултанова ж.б.лар катышты. Конференциянын пленардык жыйында ОшМПУнун ректору, профессор Б.Б.Зулуев конференцияда окумуштуунун чыгармачылык ишмердүүлүгүнө токтолуп, ийгилик каалады. Пленардык жыйында профессор Б.Сагынбаева Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги “жамандык”, “жакшылык ”концептилерин пайдалануунун, профессор А.Ж.Муратов Барпы акындын махабат ырларынын чыгыш поэзиясы менен үндөштүгүнө, Н.Алисултанова окуучулардын ой жүгүртүүгө калыптандыруунун жолдоруна, доцент Т.А.Жороев жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү сабактары: методдор, тапшырмалар жөнүндө маалыматтар берилди.
Конференцияга 150 ден ашуун макала келип түшкөн. Секциялык иштерде кыргыз тили жана адабияты жана анын азыркы учурдагы абалы, кыргыз адабияты жана сөз өнөрүнүн ааламдашуу доорундагы функцияларын аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө арналган секциялар иштеди. Ал эми мугалимдердин жана окутуучулардын план-иштелмелерин талкуулоо боюнча өзүнчө секция иштеди. Секциялардын ичинен төртүнчү секцияга карата сунушталган сабактардын иштелмелерин талдоо, алар менен иштөөгө өзгөчө басым жасалды. Конференциянын өзгөчөлүгү ушул жагынан айырмаланды. Ушул секцияга көпчүлүк мектептин мугалимдери жана ЖОЖдун окутуучулары катышкан. Бул материалдарды анализдөөдө ар бир орунга бир окутуучу жана бир мугалим тандалган. Баалуу сыйлыктарга окумуштуунун методикалык эмгектери тапшырылды. Конференциянын материалдары “Окутуунун инновациялык технологиялары” илимий-методикалык журналынын 2024-жылдын №3 санына басылып, ар бир авторго тапшырылды. Секция жетекчилеринин маалыматынын негизинде мыкты докладдарга сертификаттар, ыраазычылык каттар берилди. Аягында профессор А.Ж.Муратов терен ыраазычылыгын билдирип, алдыга коюлган максаттар, милдеттер аткарылгандыгын белгилеп, катышуучуларга ийгилик калады.