- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
САРТБАЕВДИК ОКУУ-2024 (2): ТАЖРЫЙБА, КЕЛЕЧЕГИ
Белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор, башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча белгилүү методист Каратай Сартбаевдин педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналган илимий-тажрыйбалык конференция биринчи жолу 2022-жылдын 9-декабрында ЖАМунун башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан уюштурулуп (жооптуу, п.ид., профессор С.С.Сакиева), ага ОшМУнун, ОшМПУнун, НМУнун, ОшКӨУнун, КМУнун, ЖАМУнун окумуштуулары катышып, 160тан ашуун доклад окулуп, окумуштуунун башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасына арналган эмгектери талкууланып, аспирант, магистранттардын да сунуштары, пикирлери талкууланган. Педагогика адистигинде окуган 5 мыкты студентке стипендия, мыкты докладдарга Каратай Сартбаев атындагы дипломдор берилип, мыкты макалалар ЖАМУнун жыйнагына сунушталган. Конференциянын резолюциясында башталгыч класстын мугалимин даярдаган ЖОЖдордо жыл сайын Сартбаевдик окууну өткөрүп, окумуштуунун эмгектерин жайылтып, жанылап туруу сунушталган.
Ушул традицияга таянуу менен 2024-жылдын 17-майында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мектепке чейинки жана башталгыч класстрда окутуунун методикасы кафедрасы тарабынан (кафедра башчысы, п.и.к., доцент Э.А.Касымбеков) “Заманбап башталгыч билим берүү: тажрыйбалар жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияга ЖАМУ (п.и.д., профессор Сакиева С.С.), КМУ (п.и.д., профессор Акунова А.Ы, окумуштуунун кызы Г.К.Сартбаева), ОшМУнун, ОшКӨУнун, БатМунун окумуштуулары, магистранттары катышты. Конференцияда 80 ден ашуун докладдар окулуп, талкууланды. Пленардык жыйында университеттин ректору, п.и.д, профессор Б.Б.Зулуев куттуктоо сөзүндө окумуштуунун башталгыч класстарга арнаган эмгектерин окуп-үйрөнүү менен кийинки муундун арасында экинчи омүрү жашай бере тургандыгын белгилөө менен, мындай конференциянын уюштуруу улуу окумуштуулардын эмгектерин окуп-үйрөнүү актуалдуу маселе экендигине, окумуштуунун 10 томдук эмгегиндеги методикалык колдонмолор ар бир башталгыч класстын адистигине зарыл экендигине токтолуп, ушундай иш-чаранын алгачкы уюштуруучусу ЖАМУ, аны жетектеген п.и.д., профессор С.С.Сакиевага, университеттин жамаатына ийгилик каалады. Пленардык жыйында п.и.д, профессорлор С.С.Сакиева, А.Р.Акуновалар Сартбаевдик окуунун жетишкендиктери, жүргүзүлүп жаткан иштер, Каратай Сартбаев атындагы лабораториянын ишмердүүлүгүнө токтолушту. Окумуштуунун кызы Г.К.Сартбаева атасынын педагогикалык ишмердүүлүгүн топтоодо, басмадан чыгарууда, аларды иретке салууда апасы п.и.к., профессор Агүпү Мураталиеванын эмгеги жогору экендигин баса белгиледи. Окумуштуунун кийинки кездеги чыгарган эмгектерин университеттин китепканасына белек кылып, конференциянын уюштуруучуларына терен ыраазылык билдирди.
Конференцияда мыкты докладдар окулду, талкууланды. Секция жетекчилеринин маалыматы боюнча мыкты доклад катарында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин улук окутуучусу А.Ы.Орозбаеванын окумуштуунун орфографияны окутуу боюнча эмгектери жөнүндөгү, ОшМУнун окутуучусу, п.и.к. М.М.Асаналиеванын мектепке чейинки мекемелердеги адабий билим берүүнүн проблемаларына, ОшМУнун доценти З.С.Абдураимованын кол жазма сулуулугун калыптандыруунун актуалдуулугу, ОшМПУнун доценти И.Даминованын балдарды тарбиялоодогу макал-ылакапты колдонуунун ролу, ОшМПУнун доценти Э.А.Касымбековдун мектепке чемйнинки мекемелерде чыгармачылык иштерди уюштуруунун педагогикалык шарттары, ОшМПУнун доценти К.Б.Минбаеванын дидактикалык каражаттар аркылуу баланын кебин өстүрүүгө, ОшМПУнун доценти З.Абдывасиеванын балдар адабиятын математикалык түшүнүктөрдү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө колдонууга окшогон бир топ докладдардын мазмундуу экендиги белгиленди. Мыкты докладдарга сертификат, ыраазычылык каттар ыйгарылды. Конференцияда 5 мыкты окуган студентке Каратай Сартбаев атындагы стипендия ыйгарылды. Конференциянын материалдары “Эл агартуу” журналынын 2024-жылдын №2-3-санына басылган. Журнал авторлорго таркатылды. Резолюцияда конференциянын жогорку денгээлде уюштурулгандыгы белгиленип, бул боюнча университеттин ректору, п.и.д., профессор Б.Б.Зулуевге, музыка-педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к., доцент К.Б.Минбаевага, мектепке чейинки жана башталгыч мектепте окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы, п.и.к.,доцент Э.А.Касымбековго, улук окутуучу Н.Кожобековага терен ыраазычылык билдирилди. Сартбаевдиу окуу-2025(3) илимий-практикалык конференциясынын кезеги Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинин мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн методикасы кафедрасына берилди. Конференцияда коюлган максаттар, милдеттер ишке ашырылгандыгын Сартбаевдик окуунун жетекчиси, п.ид., профессор С.С.Сакиева белгиледи.