1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

132

1

Кесипке багыт берүү иштеринин жүргүзүлүшү 

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун  Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти Г.У. Рыскулова  Аксы районунун Салибай Шатманов атындагы N39 Кызыл - Жар жалпы орто билим берүүчү мектебинде, Токтогул Сатылганов атындагы N42 жалпы орто билим берүү мектебинде жана N34 Н.И. Мешков атындагы жалпы билим берүү орто мектептеринде кесипке багыт берүү (профориентация) иштерин жүргүзүп келди. Аталган мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен ЖОЖдорго кирүүнүн тартиби боюнча консультация өткөрүлдү. ЖТР тесттерин тапшыруунун маанилүүлүгүн түшүндүрүп өттү. Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун билим берүү багыттары жана профилдери  тууралуу кыскача маалымат берилип,  окуу жайдын сайты жана абитуриенттерди  кабыл алуу эрежелери менен тааныштырды. Бүтүрүүчүлөргө  үгүт материалдары (буклеттер) таратылды.