1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

15 часов назад

18

Теория жана практика айкалышкан жыйынтык: «Педагогика» профилинин 4-курс студенттери кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыкташты

2026-жылдын 20-ноябрь күнү Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын «Педагогика» профили боюнча 4-курсунун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.Белгиленген мөөнөт аралыгында практиканттар Манас шаарында, Базар-Коргон шаарында, ошондой эле Сузак жана Ноокен райондорундагы жалпы билим берүүчү мектептерде болуп, алган теориялык билимдерин практика жүзүндө ийгиликтүү сынашты.Жыйынтыктоочу конференциянын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн педагогикалык чеберчилигин, чыгармачылык дараметин жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Иш-чаранын алкагында мектеп базаларында жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары сунушталып, мастер-класстар өткөрүлдү.Конференцияда төмөнкү студенттер жана алардын методисттери өзгөчө активдүүлүгү жана мазмундуу баяндамалары менен айырмаланышты:Дайырбек кызы Зейнеп (жетекчиси — Сакиева Сайипжамал). Тема: «12 жылдык билим берүүдө сабактарды интеграциялап өтүү: STEAM технологиялары жана анын методикалык өзгөчөлүктөрү» темасындагы илимий ишинин практикалык жыйынтыктары менен бөлүштү.Тохтаполатова Сарвиноз (жетекчиси — Тажибаева Ж.К.) «Башталгыч класстарда активдүү окутуу ыкмаларынын натыйжалуулугу» аталышындагы баяндамасын сунуштады.Хамытова Бегайым ( жетекчиси — Рыскулова Гүлзат) «Башталгыч класстарда оюн технологияларын колдонуу аркылуу окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн арттыруу» темасындагы изилдөөсүн коргоду.Асанова Тахмина ( жетекчиси — Аданова Дарикан) класстан тышкаркы тарбиялык иштердин алкагында өткөрүлгөн «Балдар биз жөнүндө эмне дейт?» аттуу ата-энелер чогулушунун уюштурулушу жана анын таасирдүүлүгү боюнча мастер-класс көрсөттү.Иш-чарага кафедранын методист-окутуучулары жигердүү катышып, студенттердин иштерине жогорку баа беришти. Конференциянын соңунда практика учурунда өзгөчөлөнгөн студенттерге жана мектептер тарабынан жиберилген алдыңкы практиканттарга Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттар тапшырылды.