- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО
Педагогика адистигинин сырттан окуу бөлүмүнүн Пс-1-19, Пс-2-19, МЧББс-1-19 тайпаларынын кесиптик-профилдик практикасына арналган жыйынтыктоочу конференция 27-апрелде уюштурулду. Практиканттар 2024-жылдын 4-мартынан 20-апрелине чейин Жалал-Абад шаарынын жана облусттун райондорундагы башталгыч мектептеринде жана мектепке чейинки мекемелеринде өтөшкөн. Практиканын конференциясы кафедранын практика боюнча жетекчиси, улук окутуучу Ажар Козубаевна Шишкараева тарабынан уюштурулду. А.К.Шишкараеванын маалыматы боюнча Базар-Коргон, Сузак, Ноокен, Токтогул, Аксы, Өзгөн райондорунда, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында практиканттар жогорку денгээлде өткөндүгү баса белгиленди. Практикант-студенттер практика учурунда жасаган иштери боюнча маалымат беришти, жасаган жумуштарынын көргөзмөсүн уюштурушту. Практиканын методисттери доцент К.М.Ураимов, улук окутуучу С.Ч.Осмоналиева ж.б.лар практиканын жетишкендиктери, жүрүшү боюнча кызыктуу маалыматтарды беришти. Методисттер студенттер менен AVN порталы менен байланышып, сабактардын иштелмелерин, студенттин отчет жазуусу, практика илим-изилдөө иштери менен иштөөнү, тарбиялык иштерди жүргүзүүнүн, класстан тышкаркы иштерди уюштуруунун, ачык сабакка даярдануунун, ата-энелер менен иштөөнүн формаларын жана методдорун портал аркылуу жөнөтүп турушканын белгилешти. Студенттер аткарган жумуштарын AVN порталы аркылуу тапшырмаларды, айрым суроолорун да жазып байланышып турушканын белгилешти. Айрым практиканттардын документтери ЖОБОго ылайык даярдалганын, айрым практиканттар мыкты өткөндүгү белгиленди. Атап айтсак, Калмуратова Мээримгүл (Сузак району,Т.Идирисов ж.б.б.о.м.-Пс-1-19 тайпасы), Орунбаева Салима (МЧББс-1-19 тайпасы, Базар-Коргон району. №1 «Ширин»м.ч.б.б.у. мет.Торобекова А.Э), Абдижапар кызы Асылгул ( Аксы району, “Жеткинчек” №1 м.ч.б.б.у. мет.Сакиева С.С.), Ганыбай кызы Айзада (Базар-Коргон району, №37 Сейдикум ж.б.б.о.м). Студенттердин суроолоруна окутуучулар жооп беришти. Конференция максатына жетти.