1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

91

1

КӨП ТИЛДҮҮЛҮККӨ АРНАЛГАН ЖУМАЛЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Көп тилди үйрөнүү заман талабы. Көп тилдүүлүк программасын окуу процессинде ишке ашыруу максатында    педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын, пилоттук тайпага (П-1-23)   сабак берген факультеттер аралык кафедранын профессордук-окутуучулары үчүн  атайын семинар, мастер-класстар, ачык сабактар  уюштурулуп, практикаланууда. Программанын координатору  т.и.к., доцент Г.Т.Маматованын  демилгеси менен 22-26-май күндөрү жумалык өтүлдү. Кафедранын улук окутуучусу А.Э.Торобекова “Скаффолдинг: предметтик мазмун менен тилди өздөштүрүү процессинде окуучуларды колдоо” аталышында окутуучулар үчүн мастер-класс уюштурду. Мастер-класска кафедранын окутуучулары катышып, суроо-жооптор менен толукталды. Скаффолдинг технологиясы орус психологу Л.С.Выготскийдин жакынкы өнүгүүнүн аймагы жөнүндө идеясынын негизинде түзүлгөн, мында актуалдуу өнүгүүнүн денгээлинин (окуучу мугалимдин денгээлинде гана же башка окуучулар менен кызматташууда гана жетише алат), ортосунда карама-каршылык (потенциалдык өнүгүү денгээли менен) бар. Билим берүү процессинде скаффолдингдин төмөнкү түрлөрү боюнча иштөө практикаланууда. 1.Вербалдуу скаффолдинг (окуучулардын тилдик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган) 2. Процедуралык скаффолдинг (кызматташуу техникасы жана тапшырмаларды аткарууну структуралоо). 3.Инструкциялык скаффолдинг (окутуу процессинде окуучуларды колдойт). Бул технологияны педагогика дисциплинасы боюнча колдонууну  баяндап, демек, скаффолдинг процесс: бул мугалимдин колдоосу акырындык менен азайып таптакыр жоголо турган, өз алдынча окууга жана тапшырмаларды аткарууга жетишкенге чейинки убактылуу колдоо экендиги белгиленди. Скаффолдинг технологиясынын эки зонасы белгиленди. 1. Мүмкүн болгон өнүгүү зонасы (аракет кылууга даярмын, мага көрсөтүп бергиле, жасаганга жардам бергиле, мен үйрөндум, эми өзүм жасай аламын). 2.  Жакынкы өнүгүү зонасы (окуучу азырынча эмнелерди өзү жасай албайт? Буга чейинки тажрыйбасынын негизинде эмнелерди жасаганды үйрөнө алат). 3.Актуалдуу өнүгүү денгээли (жаны билимдер, жаны көндүмдөр, өз алдынчалуулук, ийгилик!). Скаффолдингдин негизги артыкчылыктары – мотивизациялоо жана эффективдүүлүк экендиги белгиленди.

Скаффолдинг технологиясы ынгайлаштырып окутуу деген мааниде окутуу процессинде колдонулат. Ал мүмкүн болгон стратегиялык жана методикалык компоненттерден турат, ал компоненттер үч негизги бөлүм боюнча каралат (“Даярдык”,”Окутуу”, “Баалоо”) жана ынгайлаштырылган окутууну  пландаштыруу, ишке ашыруу жана баалоо үчүн колдонулат. Мында мурунку билимдери менен байланыштыруу, маалыматты түшүнүү үчүн жетикиликтүү кылып киргизүү, стратегиялар, өз ара аракеттешүү, колдонуу, сабактын жүрүшү, баалоо процесстери аркылуу жүргүзүү менен ишке ашыруу сунушталды.

Аягында предмет менен тилди интеграциялап окутуу процессинде скаффолдингди колдонуу эффективдүү болуш үчүн мугалим сабакта “ийгиликтин” кырдаалын камсыздаган принциптерди сактоо менен  окутуу процессин ынгайлаштырууга, предметтик мазмунду өздөштүрүү үчүн колдоо көрсөтүүгө, окуучулардын тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген колдоо көрсөтүү - бул программанын негизги идеясын аныктай алгандыгы белгиленди. Мастер-класс  суроо-жооптор, толуктоолор менен аяктады.

Жумалыкта пилоттук тайпада көп тилдүүлүк программасына арналган сабактар уюштурулду. Педагогика предметинен (С.Ч.Осмоналиева), экология предметинен (Б.М.Осмонова), информатика предметинен (Ы.М.Батырова, Н.Нарматова), курактык анатомия,гигиена  жана физиология предметинен  (А.С.Болотова), кыргыз тили предметинен (У.Омурзакова), психология предметинен (Ж.Тажибаева) сабак өтүштү. Жумалыктын жыйынтыгына программанын тренерлери катышып, көп тилдүүлүктү уюштуруудагы жетишкендиктер, аларды мындан ары өркүндөтүү боюнча өз ойлорун ортого салышты. Аягында университеттин окуу бөлумүнүн башчысы, профессор Т.Э.Уметов, программанын координатору, доцент Г.Т.Маматова жумалык жөнүндө пикирлерин айтып өтүштү. Программанын тренерлери окутуучуларды көп тилдүүлүктү окутууга карата окутуучуларды даярдоону мындан ары улантуу менен байланышты күчөтө берилишин, ал эми программа менен иштеп жаткан окутуучуларга чыгармачылык ийгилик каалашты..