1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

20

Профессор С. Рысбаев «Бүчүр» илимий ийриминин жаш изилдөөчүлөрүнө багыт берди

Илим айлыгынын алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын алдында уюшулган «Бүчүр» илимий-көркөм адабий ийриминде белгилүү окумуштуу-педагог, кыргыз эл акыны, улуттук «Алиппенин» автору, профессор Сулайман Рысбаев менен мазмундуу жолугушуу болуп өттү.“Бүчүр” ийриминин жетекчиси, п.и.к., доцент К.М. Ураимов бул иш-чарага ийримдин мүчөлөрүнөн тышкары кафедра мүчөлөрүн да чакырды. Эркин баарлашуу форматында өткөн иш-чарада студенттер окумуштууга педагогика, балдар адабияты жана илимий изилдөө багытындагы ар тараптуу суроолорун узатышып, терең жана канааттандырарлык жоопторду алышты.Жолугушуунун жүрүшүндө ийримдин жаш мүчөлөрү тарабынан жарык көргөн “Ички дүйнө сырлары” аталышындагы илимий жана чыгармачылык жыйнактын жаңы саны жана мүчөлөрдүн ишмердүүлүгү кеңири талкууга алынды. Профессор Сулайман Рысбаев студенттердин өз алдынча жараткан көркөм чыгармаларындагы жетишкендиктерди жогору баалап, ошол эле учурда алардын илимий-изилдөө иштериндеги айрым кемчиликтерди жоюу боюнча баалуу усулдук түзөтүүлөрдү киргизди.Бул жолугушуу ийрим мүчөлөрүнүн чыгармачылык дараметин арттырууга жана жаш изилдөөчүлөрдүн илимге, адабиятка болгон кызыгуусун мындан ары да өркүндөтүүгө чоң түрткү берди.