1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

21

Жаңы дем жана колдоо: Профессор С. Рысбаев лаборатория мүчөлөрү менен жолукту

Көрүнүктүү окумуштуу-педагог, кыргыз эл акыны, профессор Сулайман Рысбаев Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы «Окутуунун инновациялык технологиялары» илим-изилдөө лабораториясында болуп, анын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.Лаборатория башчысы профессор Сакиева С.С. жана мүчөлөрү менен болгон жылуу маектин жүрүшүндө профессор учурдун талабына ылайык ушул сыяктуу илимий багыттагы лабораториялардын санын көбөйтүү жана алардын илим-изилдөө иштерин ар тараптан илгерилетүү зарыл экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, ал лабораториянын жамаатына чыгармачылык жана илимий ийгиликтерди каалап, жаш изилдөөчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында лабораториянын фондуна өзүнүн илимий эмгектерин тартуулай тургандыгын билдирди.Бул жолугушуу лаборатория мүчөлөрүнө жаңы дем берип, алдыдагы илимий-практикалык изилдөөлөрдү жандандырууга өбөлгө түздү.