1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

16

Улуттук Алиппебиздин автору ЖАМУда конокто

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы «Окутуунун инновациялык технологиялары» илим-изилдөө лабораториясынын жетекчилигинде педагогика багытындагы студенттер үчүн көрүнүктүү окумуштуу-педагог, кыргыз эл акыны, профессор Сулайман Рысбаевдин катышуусунда илимий-практикалык багыттагы конок лекция болуп өттү.Илим айынын алкагында уюштурулган жолугушуунун жүрүшүндө заманбап билим берүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, илимий изилдөө жүргүзүүнүн жол-жоболору жана сапаттуу билим берүү контентин түзүү багытында маанилүү маалыматтар берилди. Профессор Сулайман Рысбаев студенттер менен өзүнүн көп жылдык илимий-педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, келечектеги мугалимдерге педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүү, окуу материалдарын жана санариптик контентти заманбап талаптарга ылайык иштеп чыгуу боюнча баалуу кеп-кеңештерин айтты.Лекция суроо-жооп форматында уланып, студенттер өзүлөрүнүн кызыктырган суроолоруна толук жооп алып, кесиптик багыттагы жаңы идеялар менен бөлүштү. Бул иш-чара келечектеги адистердин илимий көз карашын кеңейтүүгө жана практикалык көндүмдөрүн өстүрүүгө чоң өбөлгө түздү. Лекциянын жүрүшүндө лаборатория башчысы профессор С.С. Сакиева, ППОТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Найманбаев М.Ж. жана мүчөлөрү менен бирге кызыктуу талкууларды жүргүзүштү. Мындай конок лекцияларды дагы улантуу зарылдыгы айтылды. Лекциянын аягында Алиппе китебинин автору менен студенттердин эстелик үчүн фотосессиясы болду.