1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

16

«ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ — ААЛАМДЫН УЛУУ КАЛЕМИ» АТАЛЫШЫНДА ТАРБИЯЛЫК СААТ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 17-ноябрында «Б. Осмонов атындагы Жалал-Aбaд мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун "Педагогика психология жана окутуунун технологиялары» кафедрасында П-1-23 тайпасынын студенттерине куратор Тажибаева Жаркынай тарабынан залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 98 жылдыгына карата «Чынгыз Айтматов — ааламдын улуу калеми» аталышында тарбиялык саат өткөрүлдү.Тарбиялык сааттын негизги максаты – студенттердин улуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу илимий негизделген маалыматтарын кеңейтүү, анын чыгармаларындагы адамгерчилик, мекенди сүйүү, абийир жана ак ниеттүүлүк баалуулуктары жөнүндө түшүнүк берүү, китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле руханий дүйнөсүн байытууга тарбиялоо.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге Чынгыз Айтматовдун дүйнө адабиятына кошкон зор салымы, чыгармаларынын чет тилдерге которулуп, глобалдык мааниге ээ болгондугу тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча жазуучунун «Жамийла», «Бетме-бет», «Саманчынын жолу», «Ак пароход», «Кылым карытар бир күн» жана «Тоолор кулаганда» сыяктуу эмгектеринин тарбиялык өңүтү, анда көтөрүлгөн экологиялык көйгөйлөр, инсандын рухий дүйнөсү, мекенчилдик жана гуманизм идеялары бүгүнкү муун үчүн өтө маанилүү экендиги түшүндүрүлдү.Мындан тышкары, студенттерге жазуучунун чыгармачылыгынын мааниси жана алардын тарбиялык таасири тууралуу маалымат берилди. Жаштардын улуттук баалуулуктарды кастарлоого жана мекенчил сезимдерди бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.Тарбиялык сааттын алкагында студенттер менен адабий талкуулар уюштурулуп, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр окулуп, суроолор талкууланды. Бул тапшырма аркылуу студенттер темага байланыштуу билимдерин бекемдеп, улуу мурас калтырган калемгердин чыгармаларын терең түшүнүүнүн маанисин сезишти.Тарбиялык сааттын жыйынтыгында китеп окуу ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги экендиги, улуттук баалуулуктарды сактоодо туура маалымат, сергек көз караш жана адабиятка болгон сүйүү маанилүү орунду ээлей тургандыгы белгиленди.Иш-чара студенттердин адабий маданиятын жогорулатууга, жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун калыптандырууга жана коомдогу адамгерчилик баалуулуктарды бекемдөөгө багытталды.