1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

65

«Окууга эч качан кеч эмес»: тажрыйба, кайрат жана кесипке берилгендик

«Окуу — билим алуунун башаты, ал эми билим — өмүр бою улана турган сапар». Улуу педагогдор айткандай, чыныгы билимге жана агартуу ишине умтулган адам үчүн курак чектелбейт. Бүгүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун «Мектепке чейинки билим берүү» багыты боюнча МЧББс-1-24 тайпасынын 3-курсунун студенти, 65 жаштагы Умирбаева Жамила Тажибаевна менен маек курабыз. Пенсия курагына карабастан, ал балдар бакчасында эмгектенип, бөбөктөрдү тарбиялоого өзүнүн бай педагогикалык дараметин жана өмүрлүк тажрыйбасын арнап келет. Маектешкен: «Педагогика, психология жана инновациялык технологиялар» кафедрасынын улук окутуучусу, практика боюнча жооптуу Шишкараева Ажар Козубаевна.Ажар Козубаевна: Саламатсызбы, Жамила эжеке! Ден соолугуңуз жакшыбы? Сиздин өмүр жолуңуз жана окууга болгон дилгирлигиңиз көптөгөн студенттерге үлгү. Алгач өзүңүз, балалык чагыңыз жана эмгек жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз.Жамила Умирбаева: Саламатчылык, Ажар Козубаевна, ден соолугум жакшы, шүгүр. Мен 1961-жылы 18-мартта Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын Таш-Жар участогунда төрөлгөм. Атам менен апам үлгүлүү үй-бүлө эле. Мектепте М. Горький атындагы мектепте окуп, класс жетекчиге жардам берген староста болчумун. 1986-жылы Ош педагогикалык окуу жайынын мектепке чейинки бөлүмүнө тапшырып, 1989-жылы аяктагам. Алгачкы эмгек жолумду «Учкун» балдар бакчасына башчы болуп иштөө менен баштагам. 1992-жылы «Мол-Булак» балдар бакчасына башчы болуп которулдум. 1998-жылга чейин иштеп, кийин ортодо жумушсуз, айлыксыз калган күндөр болду. Мен жалгыз бой аялмын, бирок турмуштун кыйынчылыктары мени сындырган жок.Ажар Козубаевна: Тагдырдын сыноолоруна карабай, сиз кайрадан билим алууга бел байлап, жогорку окуу жайга тапшырдыңыз. Бул чечимге эмне түрткү болду?Жамила Умирбаева: «Билимдүүгө дүйнө жарык» демекчи, мен балдарды тарбиялоо ишин абдан жакшы көрөм. Курагым пенсия жашына келсе да, колумдан келип турганда иштеп, бөбөктөргө мээримимди жана тажрыйбамды бергим келет. Ошондуктан 2014-жылы Жалал-Абад шаарына барып, ЖАМУнун педагогика бөлүмүнө тапшыргам. Экзамендерди эң жакшы бааларга тапшырып жүрдүм. 2026-жылы мектепке чейинки билим берүү багытына которулуп, сынактарды да эң жакшы бааларга тапшырдым.Ажар Козубаевна: Азыр практика учурунда кайда эмгектенип жатасыз жана болочок студенттерге кандай каалоо-тилек айтар элеңиз?Жамила Умирбаева: Азыр Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 3-курсунда, МЧББс-1-24 тайпасында окуп жатам. Учурда практиканы өзүмдүн алгачкы эмгек жолум башталган Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы «Учкун» балдар бакчасында өтөп жатам. Бала тарбиялоо — улуу өнөр, ага жүрөк жылуулугу жана терең билим керек. Жаштарга жана болочок студенттерге айтаарым: «Окууга эч качан кеч эмес». Ар дайым изденип, үйрөнүүдөн тажабагыла!