1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

56

"КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА МАДАНИЙ БААЛУУЛУК" АТАЛЫШЫНДАГЫ КУРАТОРДУК СААТ ӨТҮЛДҮ 

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасына тиешелүү П-1-26 тайпасына куратор Раимкул кызы Айжамалдын жетекчилиги астында КМШнын 35 жылдыгына арналган "КЫЗМАТТАШТЫК жана МАДАНИЙ БААЛУУЛУК" аталышындагы кураторлук саат өттү. Иш-чарага П-1-26 тайпасынын 32 (отуз эки) студенти катышты.Сааттын жүрүшүндө студенттер Шериктештиктин түзүлүү тарыхы, анын билим берүү, маданият жана жаштар багытындагы кызматташуусу менен таанышты. Тема боюнча слайддар көрсөтүлүп, КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы студенттик алмашуу, маалыматтын ишенимдүүлүгүн текшерүү жана маданияттар аралык урматтоо боюнча кейс тапшырмалар талкууланды.Студенттер активдүү катышып, өз пикирлерин билдиришти. Иш-чаранын жыйынтыгында жаштардын ортосундагы достукту чыңдоонун, башка элдердин маданиятын сыйлоонун жана билимге умтулуунун мааниси белгиленди.Иш-чара университетте Шериктештиктин 35 жылдыгына карата бекитилген план боюнча өткөрүлдү.