1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

27

Кесиптеги алгачкы кадамдар: «Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү» багытындагы студенттер үчүн жыйын өттү

2026-жылдын 14-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде МЧББс-1-24 (Мектепке чейинки билим берүү) жана Пс-1-2-3-23 (Башталгыч билим берүү) тайпаларынын студенттери үчүн адаптациялык-педагогикалык практикага багыттоочу расмий конференция болуп өттү.Иш-чарага өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана карьераны өнүктүрүү бөлүмүнүн инспектору Н.К. Жолдошалиева жана практика жетекчилери — С.С. Сакиева, К.М. Ураимов, А.К. Шишкараева, Д.А. Аданова, Н.Ш. Мокуева, Айжамал Раимкул кызы жана Ж.М. Нишанбаева катышышты. Жыйындын жүрүшүндө студенттерге практиканын негизги максаттары, милдеттери жана окуу-усулдук талаптары презентация жана слайддардын коштоосунда кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле, ар бир тайпага практика жетекчилери бекитилип, студенттер өздөрү жашаган жана эмгектенген аймактардагы бала бакчаларга, орто мектептерге бөлүштүрүлдү. Жыйынга катышкан окутуучулар студенттерге кесиптик багыттагы насааттарын айтып, практика учурундагы коопсуздук эрежелерин сактоого жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырышты. Конференциянын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду узатып, тийиштүү адистерден толук жоопторду алышты.