- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Академиялык мобилдүүлүк жана илимий кызматташтыкты көздөгөн жолугушуу
Бүгүн 2024-жылдын 12-апрели күнү кошуна Өзбекстан Республикасынын Андижан областындагы Андижан мамлекеттик университетинин Физика факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары, философия илимдеринин PhD доктору, доцент Маматахунов Ёркин Э.Уметов атындагы Педагогика факультетинин Физика жана информатика кафедрасына атайын кызматташуу ниетин билдирип, иш сапары менен келип кетти. Физика профилинин студенттери менен жолугуп, академиялык мобилдүүлүк боюнча бара турган студенттерге түзүлө турган шарттар, физика факультетинин базасы тууралуу маалымат берди. Студенттер мобилдүүлүк боюнча берген суроолоруна жоопторду алды жана биздин студенттер да бул кызматташууга кызыктар экендигин көрсөтүштү.
Ошондой эле, кафедранын окутуучулары менен мобилдүүлүк, илимий багытта кызматташуу, боюнча ой бөлүшүштү жана кызматташуу ниеттерин билдиришти.
Ошону менен катар Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору Куваков С.Ж., Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин деканы, ф.и.д., профессор Г.С.Токоева менен да жолугушуп, кызмат сапарынын максаттары менен тааныштырып, кызматташуу боюнча ойлорун айтып өттү. Өз кезегинде биздин университет тараптан да академиялык мобилдүүлүктүн алкагында кызматташуу, кош дипломдуулук боюнча иш алып баруу боюнча сунуштар берилди. Ал эми университеттин тышкы байланыштар бөлүмү тарабынан кызматташуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, келишимдерди түзүү боюнча багыт берилди. Тараптар жакынкы убакытта тиешелүү иш кагаздарын жөнгө салып, эки тараптуу кызматташууну ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлө тургандыгын белгилешти.