1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

159

1

ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ 

Э.Уметов атындагы Педагогика факультетинин Физика- математикалык билим берүү багытынын физика жана информатика профилдеринин студенттеринин арасында волейбол боюнча достук мелдеши болуп өттү. Мелдешке аталган профилден 5 команда катышты. Мелдештин жүрүшүнө  факультеттин деканы, философия илимдеринин доктору, профессор Г.С.Токоева, Физика жана информатика кафедрасынын кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Р.С.Нусупова жана кафедранын окутуучулары катышышты жана мелдешти ачып берип, командаларга ийгиликтерди каалап өтүштү.

Командалардын оюнчулары көрүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулашты.  Оюнга дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Алиев Илияс жакындан жардам берип,  судьяларды дайындап, шарттарды түзүп берди.

Оюндун жыйынтыгы менен командалар арасында женүүчүлөр аныкталып, 1-орунду И-1-20 тайпасынын командасы, 2-орунду И-1-23 тайпасынан түзүлгөн команда жана 3-орунду Ф-1-21 тайпасынан түзүлгөн командасы ээ болду жана женүүчүлөргө дипломдор тапшырылып, акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Женишке жетпей калган командаларга да колдоочу сыйлыктар берилди.