1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

КЫРГЫЗ ТИЛИ — УЛУТТУН БАА ЖЕТКИС МУРАСЫ

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтун физика жана информатика кафедрасынын ФМББ(Ф)-1-26 тайпасына куратору Иманкулова Зухра тарабынан «Кыргыз тили — улуттун баа жеткис мурасы» аттуу тарбиялык саат уюштурду. Куратордук сааттын негизги максаты — студенттердин кыргыз тилине болгон урмат-сыйын арттыруу, эне тилдин улуттук өзгөчөлүктү, маданиятты жана руханий баалуулуктарды сактоодогу маанисин түшүндүрүү.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кыргыз тилинин тарыхы, өнүгүшү жана коомдогу орду тууралуу өз ойлору менен бөлүшүштү. Алар кыргыз тилинин улуттук маданиятты, каада-салтты, үрп-адатты жана элдин тарыхый тажрыйбасын кийинки муундарга жеткирүүдөгү маанилүү ролун белгилешти. Студенттер тарабынан даярдалган презентацияларда кыргыз тилинин байлыгы, көркөмдүгү жана тарыхый мааниси кеңири чагылдырылды.Куратордук сааттын көркүн чыгармачылык программа ачты. Студенттер кыргыз тилиндеги ырларды көркөм окуп, обондуу чыгармаларды аткарып, макал-лакаптарды айтып беришти. Ошондой эле кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын баалуу мурастары болгон «Акыйнек» салтына жана дастандарга өзгөчө көңүл бурулду.Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилине байланыштуу кызыктуу тилдик оюндар, суроо-жооптор жана интерактивдүү тапшырмалар уюштурулду. Аларга студенттер менен бирге окутуучулар да активдүү катышып, өз билимдерин сынап, тапкычтыгын көрсөтүштү. Мындай оюндар катышуучуларга кыргыз тилинин байлыгын тереңирээк таанып-билүүгө жана майрамдык маанайда убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.Иш-чарада кыргыз тили кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүнүн жана руханий мурасынын маанилүү бөлүгү экени белгиленди. Тилде элдин тарыхы, дүйнө таанымы, салт-санаасы, маданияты жана баалуулуктары камтылган. Ошондуктан кыргыз тилин сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга таза жеткирүү — ар бир жарандын маанилүү милдеттеринин бири. Куратордук саат мазмундуу жана кызыктуу өтүп, студенттерге жакшы таасир калтырды.