1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

21

23-СЕНТЯБРЬ — КЫРГЫЗ ТИЛИ КҮНҮНӨ КАРАТА КУРАТОРДУК СААТ ӨТҮЛДҮ 

Тил — ар бир элдин тарыхын, маданиятын жана рухун сактап келген улуу мурасы. Кылымдарды карыткан кыргыз тили — "Манас" дастанын ааламга даңазалаган, ата-бабаларыбыздын акыл-мандыгын бизге жеткирген нарктуу тил.Тилибизди аздектөө, орус же башка тилдердин басымына алдырбай күнүмдүк турмушта, санарип дүйнөдө жана иш кагаздарында жигердүү колдонуу — ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Эне тилибиз канчалык бийик кадырланса, элибиздин келечеги ошончолук кең болот.Бул майрамдык күнүнө карата Физика жана информатика кафедрасынын ФМББ(И)-1-23,ФМББ(И)-1-26 тайпасында куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук саатта студенттер тарабын көркөм окуу, суроо жооп дискуссиялар камтылып, кыргыз тилине байланыштуу видеороликтер студенттер тарабынан чагылдырылды.Тилибиз дайыма өнүгүп, муундан муунга түбөлүк жашай берсин!