1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

46

БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

2026-жылдын 15-сентябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаңы 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу жыйынга университеттин жетекчилиги, окутуучулар, ата-энелер жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин жетекчилиги студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга окууда ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана алдыга койгон максаттарына жетишүүнү каалады. Өзгөчө 1-курска кабыл алынган студенттер үчүн бул күн өзгөчө мааниге ээ болду. Аларга университеттин түзүмү, окуу процесси жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалыматтар берилди. Салтанаттуу иш-чаранын экинчи бөлүгү университеттин институттарында уланды. Анда 1-курстун студенттери өздөрүнүн билим ала турган институттары, кафедралары жана окуу аудиториялары менен жакындан таанышты. Ошондой эле аларга окуу процесси, ички тартип, китепкана, лабораториялар жана студенттер үчүн түзүлгөн башка мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Анын алкагында Физика-математикалык билим берүү багытынын физика жана информатика профилдерине кабыл алынган студенттер менен да жолугушуу уюштурулуп, аларга тиешелүү профилдер боюнча билим алуу өзгөчөлүктөрү жана келечектеги кесиптик багыттары тууралуу маалыматтар берилди. Жаңы окуу жылы студенттер үчүн жаңы билимдердин, изденүүлөрдүн, чыгармачылыктын жана бийик жетишкендиктердин башаты болсун!