1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

Физика жана информатика кафедрасында карьералык багыттагы иштер жыйынтыкталды

2025–2026-окуу жылында Физика жана информатика кафедрасы студенттердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу багытында бир катар иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашырды. Окуу жылы ичинде мектеп бүтүрүүчүлөрү жана колледж студенттери үчүн профориентациялык жолугушуулар уюштурулуп, «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар кафедранын билим берүү программалары, заманбап лабораториялары, компьютердик класстары жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен таанышты. Кафедра эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөр менен кызматташууну активдүү өнүктүрдү. Профессор Э. Уметовдун 80 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле негизги билим берүү программалары жаңыланып, практикаларды уюштуруу маселелери каралып чыгып, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 2026-жылдын апрель айында иш берүүчүлөр арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында бүтүрүүчүлөрдүн санариптик жана практикалык даярдыгын күчөтүү боюнча сунуштар иштелип чыгып, алар кийинки окуу жылынын билим берүү программаларын өркүндөтүүдө эске алынды. Физика жана информатика кафедрасы мындан ары да студенттердин кесиптик өсүүсүнө көмөк көрсөтүү, иш берүүчүлөр менен кызматташууну чыңдоо жана заман талабына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо багытындагы иштерин улантат.