1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

94

«Физика жана информатика» кафедрасынын окутуучулары ачык сабактарды жогорку деңгээлде өткөрүштү

2025-2026-окуу жылынын II семестрине бекитилген ачык сабактардын графигине ылайык, «Физика жана информатика» кафедрасынын ар бир мүчөсү өзүнүн кесиптик чеберчилигин көрсөткөн үлгүлүү сабактарды өтүштү. Айрыкча, ушул жылдын 25-26-мартында кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан уюштурулган ачык сабактар өзгөчө жогорку деңгээлде жана заманбап усулдар менен коштолду. Бекитилген жадыбалдын негизинде аккредитация учурунда кафедранын профессору З.И. Иманкулов, улук окутуучулар Р.А. Төрөгулова, К.М. Мурзалиев жана Д.Т. Мажиева өз алдынча оригиналдуу программалары менен кызыктуу лекциялык, практикалык, лабораториялык кызыктуу сабактарды өтүп беришти.