1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

62

Физика жана информатика кафедрасынын студенттери базалык мектептерде жумуш ордунда окутуу

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана теориялык билимди практика менен айкалыштыруу максатында, Физика жана информатика кафедрасында өзгөчө иш-чаралар уюштурулууда.Жакында эле жумуш ордунда окутуу боюнча Физика жана информатика кафедрасынын практика жетекчилери Н.Т.Осмонова жана Д.Т.Мажиева студенттер менен биргеликте базалык мектептерде окуучулар менен биргеликте жумушчу ордунда окутууну уюштурду. Бул иш-чаранын алкагында келечектеги мугалимдер (студенттер) мектеп чөйрөсүнө толугу менен аралашып, өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн иш жүзүндө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Практика жетекчилери Н.Т.Осмонова жана Д.Т.Мажиеванын жетекчилиги астында студенттер заманбап педагогикалык технологияларды, интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, информатика предметти боюнча кызыктуу сабактарды жана лабораториялык иштерди өткөрүштү.Базалык мектептердин окуучулары да бул окутуу процессине активдүү катышып, жаңы санариптик куралдар жана физикалык тажрыйбалар менен жакындан тааныша алышты. Жумуш ордунда окутуу форматы студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу менен бирге, мектеп окуучуларынын да так илимдерге болгон кызыгуусун арттырууга чоң өбөлгө түздү.Физика жана информатика кафедрасы мындан ары да мектептер менен тыгыз кызматташтыкты улантып, жумуш ордунда окутуунун натыйжалуулугун арттырууну көздөйт.