1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

74

Ачык сааттар жана кесиптик тажрыйба: Студенттердин базалык практикасы ийгиликтүү жыйынтыкталды

Э.Уметов атындагы педагогикалык инстититутунун, Физика жана информатика кафедрасынын ФМББ(И)-1-23 тайрасынын студенттери Туратбекова Алфира жана Хусанжон кызы Махинур өздөрүнүн кесиптик базалык практикасынын алкагында №9 Р.Санатбаев атындагы жалапы билим мектебинде өтөшуп, жогорку деңгээлдеги ачык сааттарды өткөрүшүп, топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүштү.Студенттердин сабак өтүү чеберчилигине, даярдыгына жана кесиптик багытына практика жетекчиси Мажиева Д.Т. өзү барып катышып, баа берди.Туратбекова Алфира: Видеомонтаждын сырларыАлфира өзүнүн ачык саатын заманбап жана суроо-талапка ээ болгон "Видеоредакторлор" темасына арнады. Сабактын жүрүшүндө ал катышуучуларга видеолорду кесип-куроо, эффекттерди кошуу жана сапаттуу контент даярдоонун заманбап ыкмаларын практикалык түрдө көрсөтүп берди. Бүгүнкү санариптик заманда видео менен иштөө ар бир адис үчүн маанилүү көндүм экенин айгинелей алды.Хусанжон кызы Махинур: Графика дүйнөсүнө алгачкы кадамМахинур болсо компьютердик графиканын негизи болгон "Paint (Пайнт) программасы" боюнча кызыктуу ачык саат өттү. Ал катышуучуларга программанын куралдарын туура колдонууну, санариптик сүрөт тартуунун жана жөнөкөй графикалык элементтерди түзүүнүн жолдорун жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен түшүндүрдү. Сабак абдан интерактивдүү жана креативдүү маанайда өттү.Практика жетекчиси Мажиева Д.Т. өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:"Биздин студенттер өздөрүнүн кесиптик даярдыгын иш жүзүндө абдан жакшы көрсөтө алышты. Санариптик куралдарды, видеоредакторлорду жана графикалык программаларды окутууда заманбап усулдарды колдонушканы кубандырат. Эки студент тең келечекте өз ишин мыкты билген кесипкөй адис болоруна ишеним чоң."Практиканын жыйынтыгы боюнча Туратбекова Алфира жана Хусанбаева Махинур өздөрүнүн отчетторун ийгиликтүү коргошту. Кыздарыбызды кесиптик алгачкы чоң кадамдары менен куттуктап, окууларына жана келечектеги иштерине ийгилик каалайбыз!