1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

10

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ

Э. Уметов атындагы Педагогика институтунун Физика жана информатика кафедрасынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №29 токтому менен бекитилген 2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу багытында кафедранын студенттери жана магистранттары менен түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага кафедра башчысы, кафедранын окутуучулук курамы жана студенттер, магистранттар катышты. Студенттерге кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, жаштар арасында мыйзамдуулукту сактоо жана жагымсыз жагдайлардын алдын алуудагы жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берилди. Жолугушуу учурунда студенттер сесиянын жүрүшүндө жана мамлекеттик аттестацияны уюштурууда жана өткөрүүдө жагымсыз жагдайларга жол бербөө боюнча милдеттенмелерди алышты. Иш-чаранын негизги максаты – жаштар арасында мыйзамды сыйлоо маданиятын жогорулатуу, кылмыш жана укук бузууларга жол бербөө, ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоого багытталган түшүнүктөрдү бекемдөө болду.