1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

16

МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯЛАРДЫ АЛДЫН АЛА КОРГОО

Э. Уметов атындагы Педагогика институтунун Физика жана информатика кафедрасында 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын ФММБ(И)маг-1-24 жана ФММБ(Ф)маг-1-24 тобундагы магистрдик диссертацияларды алдын ала коргоо болуп өттү. Иш-чарага Физика жана информатика кафедрасынын башчысы Р.С.Нусупова жана магистрдик диссертациялык иштердин жетекчилери жана магистранттар катышты. Алдын ала коргоонун алкагында ФММБ(И)маг-1-24 жана ФММБ(Ф)маг-1-24 тобунун магистранттары физика, программалоо, информатиканы, физиканы окутуунун актуалдуу темалары боюнча илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын көрсөтүп, баяндама жасашты. Ар бир баяндамадан кийин суроо-жооп форматында талкуу өттү. Комиссия мүчөлөрү магистранттардын даярдыгынын жогорку деңгээлин белгилеп, акыркы коргоого чейин эмгектерин жакшыртуу боюнча баалуу сунуштарды беришти. Магистрдик иштер кафедра башчысы тарабынан кылдаттык менен каралып, ар бир теманын актуалдуулугу, практикалык маанилүүлүгү, өзгөчөлүгү жана илимий жанылыгы белгиленип, акыркы коргоого чейин алардын диссертацияларын жакшыртуу боюнча баалуу сунуштар берилди. Кафедра башчысы көрсөткөн жоопкерчилиги жана аткарган иштери үчүн магистранттарга жана алардын жетекчилерине ыраазычылык билдирип, алдыда боло турган мамлекеттик аттеатациялык сынактарда жана магистрдик диссертацияларды коргоодо ийгиликтерди каалады. Физика жана информатика кафедрасы 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын информатика жана физика профилдеринин магистрант бүтүрүүчүлөргө мындан аркы кесиптик шыктанууну жана ийгиликтерди карай ишенимдүү кадам таштоону каалайт!