1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

47

ПРОГРАММАЛОО ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МААЛЫМАТ КОММУНИКАЦИЯ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОЮНЧА КОНОК ЛЕКЦИЯ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогика институтунун физика жана информатика кафедрасынын студенттери үчүн конок лекциясы болуп өттү. Академиялык мобилдүүлүк алкагында Ош технологиялык университетинин табигый-гуманитардык илимдер борборунун так илимдер кафедрасынын башчысы ф.-м.и.к., доцент Маматкасымова А.Т., окутуучу Абылкасымова Г.Ы. жана гуманитардык технологиялык колледжинин “Компьютердик жана санарип технологиялар” бирикмесинин башчысы т.и.к., доцент Атамкулова М.Т., окутуучулар Оморова С.Т., Шайлиева К.А., Нышанова А.А.лар иш сапар менен болушту. Лекциянын жүрүшүндө студенттер баалуу маалыматтарды алышты. Мындан тышкары, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду бере алган суроо-жооп форматында кызыктуу баарлашуу болду. Коноктор Жалал-Абад мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү, биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырып жатышканын белгилешти. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү жана студенттерде жаркын таасир калтырды.