1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

12

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЧОГУЛУШУ

Э.Уметов атындагы педагогикалык институттунун физика жана информатика кафедрасында 14.04.2026 күнү, ФМББ-(И)-1-23 жана ФМББ-(И)-1-25 тайпаларынын ата-энелер жана институттун жетекчилери, кафедраны окутуучулары тарабынан жыйыны болуп өттү. Жыйында институттун директору Калыбекова З.С катышып сабактарда катышуу жетишүү боюча маалымат берип өттү. Урматтуу ата-энелер, биздин негизги максатыбыз — балдарыңыздарга сапаттуу билим берүү. Билим алуу — бул эки тараптуу жоопкерчилик. Сиздерден балдарыңыздын окуусуна кайдыгер карабай, катуу көзөмөлгө алууну суранам. Нусупова Р.С. – Кафедра башчысы Коомдук иштерге катышуусу жакшы болгонун ошону менен бирге сабактарда катышууну жакшыртуу максатында ата-энелер жыйынын өткөрүүгө токтолгонун айтып өттү. Мажиева Д.Т. – тайпанын куратору катары ар бир студенттин абалы менен таанышмын. Ата-энелер, сиздер менен биз тыгыз байланышта болсок гана ийгиликке жетебиз. Сураныч, балдарыңыз менен көбүрөөк сүйлөшүп, алардын окуудагы мүчүлүштүктөрүн чогуу чечели. Кафедраны окутуучусу Санжарбек кызы Канайым AVN программасы менен тааныштырып өттү. Логин паролдору менен авн программасына онлайн кирип сабактан алган бааларын ошону менен бирге нбларын билүүгө болоорун көрсөтүп өттү. Андан сырткары “Групповой чат” аткарылган тапшырмаларын көрсө болоорун айтып, контракт төлөнгөн төлөнбөгөн жөнүндө көрсө болоорун көрсөтүп өттү.