1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

“Жаш информатик” кружогунун ишмердүүлүгү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика институтунда иш алып барган “Жаш информатик” студенттик кружогу студенттердин маалыматтык технологиялар тармагындагы билимдерин кеңейтүүгө, алардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана чыгармачылык потенциалын арттырууга багытталган. Кружоктун алкагында студенттер үчүн маалыматтык технологиялардын актуалдуу багыттары боюнча кошумча сабактар, практикалык иштер жана талкуулар уюштурулуп келет. Иш-чаралардын жүрүшүндө студенттер программалоонун негиздери, санариптик билим берүү технологиялары, маалыматтык системалар жана заманбап IT инструменттер менен иштөө боюнча билимдерин тереңдетишүүдө. Кружоктун кезектеги сабагында студенттер маалымат базалары менен иштөө темасы боюнча теориялык жана практикалык билим алышты. Сабактын жүрүшүндө маалымат базаларынын түзүлүшү, таблицаларды түзүү, маалыматтарды киргизүү жана аларды башкаруу, ошондой эле жөнөкөй сурамдарды түзүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мындан тышкары, студенттер маалымат базалары менен иштөөнүн негизги принциптерин практика жүзүндө колдонуп көрүштү. Мындай иш-чаралар студенттердин маалыматтык компетенттүүлүгүн жогорулатууга, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө маалыматтык технологияларды натыйжалуу колдонууга шарт түзөт. “Жаш информатик” кружогу мындан ары да студенттер үчүн пайдалуу практикалык сабактарды, мастер-класстарды жана инновациялык иш-чараларды уюштурууну улантат