1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

46

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Көркөм окуу” конкурсу

Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын информатика профилинин И-1-25 тайпасынын студенттеринин күчү менен “21-февраль – Эл аралык эне тил” күнүнө арналган “Көркөм окуу” конкурсу институттун деңгээлинде уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү. Конкурска математика, башталгыч билим берүү, тарых жана информатика профилинин студенттери активдүү катышышты. Айрыкча, П-1-25 тайпасынын студенттери Абакирова Дильноза жана Абдумаликова Сулуучач, ошондой эле математика профилинин М-1-25 тайпасынын студенти Батырбекова Аяна көркөм окууда өздөрүнүн мыкты чеберчилигин көрсөтүп, баалуу белектердин ээси болушту. Конкурстун женүүчүлөрүн аныктоодо Э.Уметов атындагы Педагогикалык институтутунун директору Калыбекова З.С., Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы Найманбаев М.Ж.,кафедранын доценти Маатазимова Г.Э., калыстык менен иш алып барышты. Иш чарага катышкан ЖАМУнун “Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу” бөлүмүнүн инспектору Жолдошалиева Нурия эжебиз студенттерге тил жөнүндөгү чыгармаларды көркөм айтуу менен тааныштырып, тарбиялык мааниси бар ой-пикирлери менен бөлүштү. Ал өзүнүн тажрыйбасы жана кеңештери аркылуу конкурстун жүрүшүнө кызыктуу жана пайдалуу мүнөз кошту. Конкурстун аягында студенттер иш чарадан алган таасирлери менен ой бөлүшүп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти. Иш-чара студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, коомдук жана маданий көндүмдөрдү бекемдөөгө чоң салым кошту, ошондой эле эне тилге болгон урмат-сыйды күчөтүп, билим берүү процессинде тарбиялык мааниси бар окуу тажрыйбасын берди. “Көркөм окуу” конкурсу студенттердин көркөм окуу жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана эне тилге болгон урмат-сыйын арттырууга кызмат кылды. Иш-чара студенттердин коомдук активдүүлүгүн жогорулатып, маданий жана тарбиялык максаттарды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди.