1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

17

21-ФЕВРАЛЬ - ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ МАЙРАМЫ

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун физика жана информатика кафедрасынын ФМББ(И)-1-24 тайпасында, 21-февраль - Эл аралык эне тил майрамына карата Төрөгулова Рысбү тарабынан тарбиялык сабак өткөрүлдү. Негизги максаты, өсүп келе жаткан жаштардын эне тилге, мекенге болгон сүйүүсүн артыруу, патриоттук сезимди жандантуу болду. Тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттер командага бөлүнүп берилген тапшырмаларды аткарышты. Өз командаларынын аталыштарын түшүндүрүп, атайын дубал газеталар да даярдалды.  Эне тил жөнүндө суроо-жооптор жана талкуулар жүргүзүлдү.