1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

13

БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ОТЧЕТТУК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Э.Уметов атындагы, ПИ нун ФиИ кафедрасынын, Имс-1-25 группасынын башкаруу практикасынын жыйынтыктоочу отчеттук конференциясы 2026-жылдын 12-февралында болуп өттү. Конференцияны ФиИ кафедрасынын улук окутуучусу Ү. Ажикулова алып барды. Конференцияга КӨ жана ӨПУ бөлүмүнүн башкы адиси Н.С. Жолдошалиева, ФиИ кафедрасынын башчысы, доцент Р.С.Нусупова, Р.А.Төрөгулова, практика жетекчилери, Имс-1-25 группасынын студенттери толук катышты.Отчеттук конференцияда практиканттардын эки жумалык жыйынтыктоочу отчету видео-слайддар, докладдар, таблица, чиймелер аркылуу талкууланып, суроо-жооптор менен толукталды. Н.С. Жолдошалиева практиканттардын докладдарын угуп, кеңештерин, сунуштарын берди. Конференция жакшы деңгээлде жыйынтыкталды.      Ушул эле күнү Ис-1-23 группасы адаптацияык педагогикалык практикага жөнөөр алдындагы конференциясы болуп өттү. Конференцияны, улук окутуучу Р.А. Төрөгулова жетектеди. Практика учурунда аткарыла турган иштер, максат-милдеттери, жол карталары менен таанышышты. Кафедра башчысы Р.С. Нусупова, практика жетекчилери практиканттардын суроолоруна жооп беришип, отчетко керектүү документтер, маалыматты топтоо боюнча кеңештерди беришти.