1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

29

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ЖАНА КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨ ҮЧҮН ЖӨНӨӨР АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы Педагогикалык институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын физика жана информатика профилинин 3-курс жана 4-курстарынын студенттери үчүн 2026-жылдын 30-январында багыт берүүчү конференция болуп өттү. 2025-2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, ФМББ(И)-1-23 тайпасынын студенттери 2026-жылдын 2-февралынан 7-мартына чейин кесиптик-базалык практикасын өтүшөт. Ошону менен бирге ФМББ(И)-1-22, ФМББ(Ф)-1-22 тайпасынын студенттери 2026-жылдын 2-февралынан 14-мартына чейин кесиптик-профилдик практикасын өтөө үчүн жөнөтүлөт. Иш-чаранын уюштуруучусу, кафедранын улук окутуучусу Р.А.Төрөгулова практиканын максат-милдеттерин белгилеп, практиканын жүрүшүн «жол картасына» ылайык алып баруу, күндөлүктү толтуруу тартиби жана баалоо критерийлери боюнча кеңири маалымат берди. Конференцияга Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Ж. Б. Шамиев жана кафедранын практика жетекчилери катышты. Ж. Шамиев студенттерди практика учурунда жоопкерчиликтүү болууга чакырып, методикалык сунуштарын берди. Конференция суроо-жооп иретинде жыйынтыкталды.