1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

9

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР, МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

2025-2026-окуу жылынын 24-декабрь күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы Педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамы тарабынан уюштурулган «Иш берүүчүлөр, мектеп мугалимдери жана бүтүрүүчүлөр менен социалдык өнөктөштүк» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чарада алгач келген коноктор жолугушууда бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн сапатын көтөрүү маселесинин алкагында баарлашышыты. Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө ар бир кафедра чакырган коноктору менен секцияларда иш алып барды. Физика жана информатика кафедрасынын өнөктөштөрү: Манас шаарынын жана райондордун бир топ мектептердин директорлору, физика жана информатика мугалимдери жана физика, информатика профилинин бүтүрүүчүлөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө негизги билим берүү программасы талкууланып, катышуучулар билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында бир катар сунуштарды берди. Окуу пландарына болочок адистерди STEM билим берүүнү, инновациялык технологияларды колдонууга даярдоо боюнча тиешелүү дисциплиналарда окутууларды жүргүзүү, студенттерди жумушчу ордунда окутуу боюнча биргелешкен иш алып баруу сунуштары берилди. Ошондой эле, мектептердеги кадрдык жетишпестиктерди чечүү максатында дуалдык окутууну ишке ашыруу жолдору жана педагогикалык практика маселелери кызуу талкууланды. лабораториялык сабактарды Физиканы, информатиканы окутуунун усулдары дисциплинасына бүгүнкү билим берүүгө коюлуп жаткан талаптарды камтыган темаларды киргизүү сунуштарын беришти. Өнөктөштөр менен болгон мындай жолугушуулар билим берүү программаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтырууга, болочок педагогдордун кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана ЖОЖ, мектеп жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого зор салым кошот.