1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

42

«БААТЫРДЫН РУХУ, ЗАЛКАРДЫН СӨЗҮ» АТАЛЫШЫНДАГЫ МАНАС ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ ЖУМАЛЫГЫ

Адабий кече уюштурулду.«Баатырдын руху, залкардын сөзү» аталышындагы Манас жана Ч. Айтматов жумалыгынын алкагында ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун физика жана информатика кафедрасы тарабынан 1–4-курстардын студенттеринин катышуусунда адабий кече уюштурулду.Адабий кечеге ЖАМУнун тарбиялык иштер боюнча проректору Маматумаров А.Т., Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун директору Калыбекова З.С., физика жана информатика кафедрасынын башчысы Нусупова Р.С., ошондой эле кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты.Иш-чара төрт бөлүктөн турган программа боюнча өтүп, анда презентация, көркөм окуу, сахналык көрүнүштөр жана обондуу ырлар аткарылды. Ар бир тайпанын студенттери өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн жана таланттарын жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Кеченин активдүү катышуучуларына грамоталар жана сертификаттар тапшырылды.