1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

40

ДУАЛДЫК ОКУУНУ УЮШТУРУУ ЖӨНҮНДӨ

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Физика жана информатика кафедрасынын ФМББ(Ф)-1-22, ФМББ(И)-1-22 тайпасынын студенттерин окуу графигине ылайык. 2025-жылдын 29-сентябрынан 1-ноябрына чейинки мөөнөткө, Жалал-Абад областынын шаар жана райондорунун мектептерине кесиптик-профилдик практикага жөнөтүлдү. Практика учурунда ФМББ(Ф)-1-22 тайпасынын студенти Токторов Максат, Убакытты кантип өлчөйбүз, - деген темада 7-класска физика предметинен ачык саатты жогорку деңгээлде өттү. Интерактивдүү методдорду, көргөзмө куралдарды пайдаланып, окуучуларга түшүнүктүү, кызыктуу сабак өттү. Бактыбек кызы Кызжибек Деформациялар. Калдыктуу жана серпилгичтүү деформациялар. Гук закону деген темада ачык саат өттү. Сабак максатына жетти, окуучуларга сабак берүүдө интерактивдүү методдорду колдонуп, проблемалуу суроолорду коюп кызыктуу сабак уюштурду. ФМББ(И)-1-22 тайпасынын студенти Набикулова Курманжан, Основные клавиши и их функции деген темада ачык саатты жогорку деңгээлде өттү.