1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

И-1-24 ТАЙПАСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИНИН “АК ЖОЛ” БАЛДАРДЫН КОМПЛЕКСТҮҮ РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНА БОЛГОН СОЦИАЛДЫК ВИЗИТИ 

2025-жылдын 4-декабрында Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун Физика жана информатика кафедрасынын И-1-24 тайпасынын студенттери Манас шаарындагы “Ак жол” балдардын комплекстүү реабилитациялык борборуна социалдык багыттагы визит жүргүзүштү. Иш-чаранын алкагында студенттер борбордун жетекчилиги менен жолугуп, мекеменин ишмердүүлүгү жана балдарды реабилитациялоонун шарттары тууралуу маалымат алышты. Студенттер балдарга арналган жылуу байпактарды жана таттууларды белек катары тапшырышты. Борбордун администрациясы санитардык жана коопсуздук талаптарына ылайык балдар менен түздөн-түз жолугууга уруксат бере алган жок. Ошентсе да студенттер алар үчүн даярдалган жылуу белектер жана таттуулар кичинекейлерге майрамдык маанай тартуулайт деген ишенимдe болушту. И-1-24 тайпасынын жамааты өздөрүнүн кичинекей демилгеси аркылуу балдарга жылуулук жана камкордук тартуулоону максат кылып, аларга бекем ден соолук, жарык келечек жана үй-бүлөлүк бакыт каалап кетишти.