1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

14

Физика жана информатика кафедрасынын өкүлдөрү эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

2025-жылдын 27-ноябрында Өзбек Республикасынын Наманган мамлекеттик техникалык университети тарабынан уюштурулган «Наноэлектроника жана мехатроникалык түзүлүштөрдү маалыматтык технологиялар жана техникалык процесстерди автоматташтыруу тармагында колдонуу: көйгөйлөр, келечек жана чечимдер (Применение наноэлектроники и мехатронных устройств в области информационных технологий и автоматизации технических процессов: проблемы, перспективы и решения)” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул маанилүү иш-чарага “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин Физика жана информатика кафедрасынын кафедра башчысы Р.С.Нусупова жана физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент З.Иманкулов илимий баяндамалары менен активдүү катышышты Конференцияда наноэлектроника, мехатроникалык түзүлүштөр, аларды маалыматтык технологияларда жана техникалык процесстерди автоматташтырууда колдонуу боюнча заманбап тенденциялар, көйгөйлөр жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр боюнча талкуулар жүргүзүлдү. ЖАМУ өкүлдөрү өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштап, эл аралык тажрыйба алмашууга салым кошушту. Иш-чаранын алкагында катышуучулар жаңы технологиялык чечимдерди өнүктүрүү жана аймактар аралык илимий кызматташууну кеңейтүү боюнча пикир алышты.