1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

11

“Жаш информатик” кружогунун катышуучулары үчүн мазмундуу окутуу жүрүп жатат

550200 ФМББ багытынын информатика профилинин И-1-25 тайпасынын студенттери үчүн университеттин “Санариптештирүү жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар” бөлүмүнүн кызматкери Муктарбек уулу Рамазан өз демилгеси менен «Программалоого киришүү» багытында кружок иштерин жүргүзүүгө салым кошуп жатат. Кружоктун максаты — студенттердин алгоритмдик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, маалыматтык технологиялар боюнча баштапкы билимдерин чыңдоо жана программалоонун негизги түшүнүктөрүн практика аркылуу өздөштүрүүгө шарт түзүү болуп саналат. Кружокто төмөнкү багыттар боюнча иштер аткарылууда: • программалоонун фундаменталдык түшүнүктөрү; • алгоритмдер жана логикалык ой жүгүртүү көндүмдөрү; • Python тилинин негиздери; • жөнөкөй практикалык долбоорлорду аткаруу. Иш-чаралар биринчи курстун студенттерине багытталып, алардын кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүнү жана маалыматтык-коммуникациялык компетенттүүлүгүн арттырууну көздөйт. Рамазан сыяктуу демилгечил жаштарыбыз көбөйө берсин, ишине ийгиликтерди каалайбыз.