1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

12

ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРОФЕССОРУ  ЖАМУга ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эл аралык академиялык кызматташтык алкагында маанилүү окуя болуп өттү. Ташкенттеги Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинин физика факультетинин “Жалпы физика” кафедрасынын профессору, физика-математикалык илимдеринин доктору Рахманов Ганибай Тоджиевич Жалал-Абад мамлекеттик университетине расмий иш сапары менен келип, физика жана информатика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты эки жогорку окуу жай ортосундагы илимий-академиялык байланышты чыңдоо, билим берүү сапатын жогорулатуу жана студенттердин илимий дүйнө таанымын кеңейтүү болуп саналат. Жолугушуунун алкагында профессор Рахманов Ганибай Тоджиевич физика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн заманбап физиканын фундаменталдык маселелерине арналган илимий лекция окуду. Лекцияда төмөнкү маанилүү багыттар камтылды: жалпы физиканын бүгүнкү күндөгү актуалдуу тенденциялары; физикалык эксперименттердин жаңы ыкмалары;  маалыматтык технологиялардын физика илиминин өнүгүүсүндөгү ролу; • студенттер үчүн илимий изилдөө жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү. Студенттер лекцияга жигердүү катышып, профессорго суроолорун берип, пайдалуу пикир алышуулар болду. Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө профессор Рахманов Г.Т. физика жана информатика кафедрасынын окутуучулары менен НББП (негизги билим берүү программаларын) талкуулап, окутуудан мазмундук жактан жаңылануунун актуалдуулугу тууралуу ой бөлүштү. Талкууда:  окуу пландарын жаңылоо;  компетенттик мамилеге негизделген натыйжалар;  лабораториялык практиканы күчөтүү;  санариптик ресурстарды окутууга интеграциялоо маселелери көтөрүлдү. Кыргызстан жана Өзбекстандын билим берүү мекемелеринин ортосундагы мындан аркы илимий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштар да айтылды. Профессор Рахмановдун иш сапары студенттердин илимий горизонтун кеңейтүүгө, мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин бекемдөөгө жана кафедралар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зор салым кошту. Жалал-Абад мамлекеттик университети мындан ары да алдыңкы чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен кызматташтыкты күчөтүү багытында иш алып бармакчы.